Жарк эткен таланттарды издейт – Республикалык “Жаш акын” сынагы жарыяланды

Sputnik
Жаш поэзия өкүлдөрүн колдогон сынак старт алды. “Жаш акын” республикалык кароо-сынагы талпынган жаштарга мүмүнчүлүк берүү, катылган таланттарды таап чыгууну көздөйт. Өзгөчө иш чара тууралуу “Жаш акын” республикалык кароо-сынагынын негиздөөчүсү Кубанычбек Ашымов жана маданият маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар саясаты башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылымбек Джумадилов айтып берди.