Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Гонконгдогу өрттүн кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Өлкө башчы телеграммасында маркумдардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына жылуу сөзүн айтып, жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалады. Эске салсак, 26-ноябрда Гонконгдогу көп кабаттуу турак жай комплексинен өрт чыгып, тилсиз жоо сегиз имаратка жайылган.Каргашадан улам Гонконг полициясы өрткө байланыштуу деп үч кишини камакка алганы айтылган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Германиянын Берлин шаарына иш сапары менен барды. Жумуш сапарынын алкагында ал "Берлиндеги Кыргызстандын улуттук экономика күнү" деген темадагы кыргыз-герман бизнес форумуна, ошондой эле кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Министрлер кабинетинин төрагасы Берлинге болгон иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, ошондой эле “Кыргыз почтасы” ААКнын эл аралык логистикалык борборуна барат.
Москванын Чыгышка ыкташы Украинадагы жаңжалга байланыштуу эмес экенин Россия президенти Владимир Путин өлкөдөгү телеканалдардын бирине берген маегинде билдирди. Ал Россия Чыгышка кыймылы 2000-жылдары эле башталганын, анткени Азия, чоң түштүктөгү өлкөлөр Батышка караганда бат өсө баштаганын белгиледи. "Бул өзүнөн өзү жаралган бурулуш болду. Биз эч жакка шашкан жокпуз. Кытай европалыктарга караганда атаандаштыкка жөндөмдүү товарларды чыгара баштады. Мисалга электромобилдерди алсак болот", — деди Путин. Мамлекет башчы кокус европалык өнөктөштөр кайра иштешүүнү чечсе, Россия ар бири менен кызматташууга даяр экенин белгиледи. "Биздин рыноктогу көптөгөн орундарды биринчи кезекте россиялык өндүрүүчүлөр, ишкерлер ээлейт. Айрымдары КМШ, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келүүдө. Албетте, бул ишенимдүү жана туруктуу өнөктөштөргө зыян келтирчү эч нерсе жасабайбыз, бирок баары менен диалог жүргүзүүгө даярбыз", — деп сөзүн жыйынтыктаган. Эске салсак, Путин 25-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип, сапары 27-ноябрда жайынтыкталды.
Евразиялык экономикалык комиссиянын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян ЕАЭБ алкагында агроөнөр жай комплекси жана өнөр жайды өнүктүрүү боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Министр Кыргызстандын өнөр жайынын кайсы тармактары приоритетүү экендигине токтолду. Ал машина куруу, металлды кайра иштетүү, станок–жабдуулар тармагын кошту."Өлкөнүн жеңил өнөр жай тармагынын чоң мүмкүнчүлүгү бар. Учурда биз эмерек продукциясын чыгаруу боюнча, ошондой эле станок жасоо багытында долбоор сунушун карап жатабыз. Азыр биз башка мүчө мамлекеттер менен да иш алып барып, бул процесске Кыргызстандын ишканаларын тартуудабыз", — деди ал. Барсегян алар микроэлектроника тармагында кыргызстандык компания менен иш алып бара тургандыктарын, долбоор дээрлик даяр экенин белгиледи. Анын айтканына караганда, ишкана компьютерлер үчүн микротетиктер жаатында иш алып бармакчы.