Келерки жылы кыргыз тарыхында орчундуу орду бар окуяларды камтыгын тарыхый тасмалар тартылат. Алардын сап башында Касымбековдун “Сынган кылычы” турса, аны менен катар Жусуп Абдрахманов, Ормон хан сындуу тарыхый инсандар тууралуу да көрком фильмдер күтүлүүдө. Бул долбоорлорду Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы ишке ашырат. Киностудиянын учурда аткарып жаткан иштери, келерки жылга пландар тууралуу мекеменин директорунун орун басары Аида Үсөнова айтып берди.