Беларустун коргоо министри: ЖККУ күчүн жоготууда деген болбогон кеп

Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. ЖККУ күчүн жоготууда деген болбогон кеп. Бул тууралуу Беларустун коргоо министри Виктор Хренин уюмга карата айтылган сындарга жооп берип жатып билдирди.
Ал ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери, коргоо министрлери жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын биргелешкен жыйынына катышып, андан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берген.
"ЖККУ күчүн жоготууда деген болбогон кеп, ушундай эле кабылдайбыз. Абалды жакшы түшүнбөгөн адамдардын пикири. ЖККУнун өзүнүн күчү бар. 2022-жылы Казакстанда олуттуу чакырыктарга, мамлекетти ичинен бөлүп жара турган күчтөргө ыкчам жооп кайтара аларыбызды көрсөттүк", — деди министр.
Анын айтымында, уюмга мүчө мамлекеттер дуушар болуп жаткан учурдагы коркунучтар заматта пайда боло калган жок, алар жылдап калыптанган.
Министр ошондой эле коргоо министрлеринин жолугушууларынын алкагында тобокелдиктерди азайтуу боюнча мындан аркы пландар жана иш-чаралардын комплекси макулдашылганын билдирди.
"Биз бул коркунучтарды азайтуу жана жоюу боюнча чаралардын комплексин кабыл алабыз", — деди ал.
Батыштын милитаризациясы тууралуу суроого жооп берип жатып, Хренин уюмдагы өнөктөштөр ал жакта бул нерсе жөн жерден жасалып жатпаганын түшүнүп турганын кошумчалады.
Кулубаев ЖККУ боюнча өнөктөштөргө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди