Путин: ЖККУ Евразия чөлкөмүндө өлкөлөрдүн бүтүндүгүн коргоп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Россия ЖККУнун алкагында өз ара кызматташуу үчүн жасалган иштерди, уюмдун негизги багытын андан ары алып кетүүгө болгон мүмкүнчүлүгүн жумшайт. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин ЖККУ саммитинде кеңири курамдагы жолугушууда сүйлөп жатып айтты.
Ошентип ЖККУга төрагалык кылуу Россияга өттү.
Путиндин айткандарынын урунттуу учурлары:
ЖККУ Евразия чөлкөмүндө туруктуулук менен коопсуздукту камсыздап, мүчө болгон өлкөлөрдүн бүтүндүгүн коргоодо;
ЖККУ акыркы он жылда беделдүү аймактык түзүмгө айланды;
уюмга мүчө өлкөлөрдүн жамааттык демилгелерин жана кызыкчылыктарын жайылтуу биринчи планга чыкканы табигый көрүнүш;.
2026-жылы Москвада уюмдун мүчөлөрү жана башка өнөктөш уюмдар менен бирге жыйын өткөрөлү;
ЖККУнун авиациялык күчтөрүн арттыруу өзгөчө мааниге ээ болуп турат;
Россия ЖККУнун террорчулукка каршы стратегиясын даярдоону баштайт;
уюм коргонуу өнөр жай комплекстерин бекемдөөгө басым жасайт.
Келерки саммит 2026-жылы 11-ноябрда Москва шаарында өтөт.
Беларустун коргоо министри: ЖККУ күчүн жоготууда деген болбогон кеп