БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Жалал-Абадда такси айдоочусуна кол салууга шектелген эки адам кармалганын облустук милиция кабарлады.
Укук коргоо органдарына 14-ноябрь күнү Сузактын тургуну кайрылып, эки белгисиз кишинин ур-токмогуна кабылганын билдирген.
Тергөө учурунда окуя 13-ноябрда болгону аныкталган. Daewoo Matiz менен такси кызматын көрсөтүп жүргөн 18 жаштагы айдоочуну эки адам Шамалды-Сайга жалдап айдатышкан. Жолдон ага кол салып, бири рулга отуруп, Бишкекти көздөй жол тарткан.
Суусамырга жеткенде автоунаанын дөңгөлөгү жарылып, токтогонго аргасыз болушат. Бир канча убакыттан кийин кол салгандар уктап калышкан. Ошол маалда такси айдоочусу машинадан чыгып, жолдон өткөндөрдү тосуп Токтогулга жеткен да, ошол жерден милицияга кайрылган.
Иликтөөнүн жыйынтыгында 16-ноябрда 19 жана 17 жаштагы эки шектүү кармалган. Соттун чечими менен экөө тең эки айга камакка алынды.