БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян ЕАЭБ алкагында агроөнөр жай комплекси жана өнөр жайды өнүктүрүү боюнча маалымат жыйынын өткөрдү.
Министр Кыргызстандын өнөр жайынын кайсы тармактары приоритеттүү экенине токтолду. Ал машина куруу, металлды кайра иштетүү, станок-жабдуулар тармагын кошту.
"Өлкөнүн жеңил өнөр жай тармагынын чоң мүмкүнчүлүгү бар. Учурда эмерек продукциясын чыгаруу боюнча, ошондой эле станок жасоо багытында долбоор сунушун карап жатабыз. Азыр биз башка мүчө мамлекеттер менен да иш алып барып, бул процесске Кыргызстандын ишканаларын тартуудабыз", — деди ал.
Барсегян алар микроэлектроника тармагында кыргызстандык компания менен иштеше турганын, долбоор дээрлик даяр экенин белгиледи. Анын айтканына караганда, ишкана компьютерлер үчүн микротетиктер жаатында иш алып бармакчы.