БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Москванын Чыгышка ыкташы Украинадагы жаңжалга байланыштуу эмес экенин РФ президенти Владимир Путин “Номад” телеканалындагы маегинде билдирди.
Ал РФтин Чыгышка кыймылы 2000-жылдары эле башталганын, анткени Азия, Чоң Түштүктөгү өлкөлөр Батышка караганда бат өсө баштаганын белгиледи.
"Бул өзүнөн өзү жаралган бурулуш болду. Биз эч жакка шашкан жокпуз. Кытай, европалыктарга караганда, атаандаштыкка жөндөмдүү товарларды чыгара баштады. Мисалга электромобилдерди алсак болот", — деди Путин.
Мамлекет башчы кокус европалык өнөктөштөр кайра иштешүүнү чечсе, Россия ар бири менен кызматташууга даяр экенин белгиледи.
"Биздин рыноктогу көптөгөн орундарды биринчи кезекте россиялык өндүрүүчүлөр, ишкерлер ээлейт. Айрымдары КМШ, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келүүдө. Албетте, биз ишенимдүү жана туруктуу өнөктөштөргө зыян келтирүүчү эч нерсе жасабайбыз, бирок баары менен диалог жүргүзүүгө даярбыз", — деп сөзүн жыйынтыктаган.