Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025

Парламенттик шайлоого КМШнын ПААсынан 70 эл аралык байкоочу көз салат

Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңеш шайлоосуна КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынан 70тен ашуун эл аралык байкоочу көз саларын ПАА катчылыгы билдирди.
Байкоочулар тобун Тажикстан парламентинин комитет төрагасы Махмадали Ватанзода баштап келет.
"Шайлоо күнү байкоочулардын тобу Кыргызстандын өзүндө да, республиканын тышында да добуш берүү процессине мониторинг жүргүзөт", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, бул ирет биринчи жолу чет мамлекеттердеги шайлоо участкаларынын саны 100гө жетти.
Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025
Касымалиев: үгүт ишине катышкан мамкызматкерлер иштен алынууда