БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. "Биз кайда болсок, жеңиш ошол тарапта" деген ураан флот аскерлерине таандык. Тарыхка кайрылсак, 1705-жылы 27-ноябрда Петр I Россияда деңиз аскерлеринен турган полк түзүү боюнча жарлык чыгарган.
Sputnik Ближнее зарубежье бүгүн Россияда "черные береты" деген ат менен таанылган күчтөрдүн тарыхы, баскан жолу тууралуу айтып берет.
Сыналган жылдар. Түндүк согуштун кызып турган учурунда түптөлгөн деңиз аскерлеринин полку дароо кармашка кирген. 1706-жылы алар деңиз кармашындагы тактиканы колдонуп, шведдердин "Эсперн" жеңил кемесин колго түшүргөн. Сегиз жылдан кийин Гангут согушундагы кармаштардын бири тагдыр чечүүчү учур болгон. Алар Балтикада артыкчылык кылган.
Деңиз аскерлеринин даңкы улам чыгы баштаган. Алар Чесмен согушунда түрк чебин алган, адмирал Ушаковдун эскадрасынын курамында болуп, француздардан Ион аралдары менен Италиянын түштүгүн бошоткон.
Бул аскерлерди душмандарына ажал алып келген деп саксынып турушкан. Аларды бир нече ирет таратып, бирок зарылдыгын түшүнүп, кайра эле түзүп турушкан.
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда баатырдыктын барактарын жазышты. Майтарылбаган эркти Севастополду, Ленинградды коргоодо көрсөтүп, андан улам немецтер аларды "кара ажал" деп аташкан. 1500дөн ашык деңиз аскерлери Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган.
Бүгүнкү күндө деңиз аскерлери — Аскер-деңиз флотунун тез арада аракетке келген жээктеги элиталык күчтөрү. "Черные береты" дүйнөнүн каалаган чекитинде плацдармдарды жана материалдык-техникалык камсыздоо базаларын алуу үчүн кеме жана тик учактардан десант түшүрүүгө даяр. Алар Россиянын бардык флотторунун курамына кирет.