Путин ЖККУ күчтөрүн россиялык жаңы куралдар менен камсыздоону сунуштады. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Москва ЖККУнун аскерлерин Россиянын заманга бап келген куралдары менен камсыздап чыгууну сунуштайт. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин аталган уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Бишкектеги саммитинде айтты.
Президент Россия ЖККУнун коргонуу мүмкүнчүлүгүн бекемдөө үчүн союздаштар менен тыгыз кызматташууну улантуу зарылдыгын белгилеген.
"Уюм Евразия чөлкөмүндө туруктуулук менен коопсуздукту камсыздап, мүчө болгон өлкөлөрдүн эгемендигин жана мамлекеттик бүтүндүгүн коргоп келет", — деди Путин.
Эске салсак, ЖККУга төрагалык кылуу Кыргызстандан Россияга өттү. Эмки саммит 2026-жылы 11-ноябрда Москва шаарында өтмөкчү.
Путин: ЖККУ Евразия чөлкөмүндө өлкөлөрдүн бүтүндүгүн коргоп жатат