БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Украина маселеси боюнча эч кандай келишим жок. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди.
Ага журналисттер Трамптын тынчтык планында Россиянын позициясы канчалык деңгээлде эске алынганы боюнча суроо узатышкан.
"Келишим долбоорлору жок. Талкуулап, биротоло тактап чыгууну сунуштаган суроолордун топтому бар. Мен Аляскага барарда америкалык тарап менен бул маселени талкуулаганбыз. Ошондон кийин гана 28 пунктудан турган болжолдуу келишим пайда болду. Ал бизге белгилүү каналдар аркылуу берилип, таанышып чыкканбыз", — деди Путин.
Ал Женевада АКШ менен Украинанын делегациялары жолугуп сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн белгиледи.
"Менин түшүнгөнүм боюнча, алар ушул 28 пунктунун баарын өзүнчө төрт бөлүккө бөлүү керек деп чечишкен. Бизге мунун баары өткөрүп берилген. Жалпы жонунан биз мунун болочок макулдашуулардын негизи болушу мүмкүн экенине кошулабыз", — деди РФ лидери.
Путин азырынча чечимдин соңку варианты тууралуу айтуу эртелик кыларын кошумчалады.