Песков: ортодогу мамиле мигранттар маселесин чечүүгө мүмкүнчүлүк берет

Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Россияда жүргөн кыргызстандык мигранттардын маселеси эки тараптуу кызматташуунун күн тартибинде турат. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналист Айжигит Матраимовго билдирди.
Анын айтымында, Россия бир жагынан ЕАЭБдин негизги принциптерин ишке ашыруу үчүн, экинчи жагынан бардык мигранттардын, анын ичинде кыргызстандыктардын да жүрүүсүн мыйзамдаштыруу үчүн мүмкүн болгон нерсенин баарын жасоодо.

"Башкысы, мигранттар үчүн талаптарды мыйзам чегинде аткарууга ыңгайлуу шарт түзүү керек. Толуктап, иштеп чыга турган нерселер көп. Азыркыга чейин талаптагыдай каттоодон өтпөгөндөр бар, кеп он миңдеген адам тууралуу болууда. Азыр чогуу иштеп жатабыз", — деди Песков.

Ал Россия менен Кыргызстандын ортосундагы жылуу мамиле көйгөйдү чечүүгө жардам берип жатканын белгиледи.
"Ооба, маселе бар, бирок аны көбүртүп-жабыртуунун кажети жок. Азыр эки тарап чогуу иштешиши керек", — деди катчы.
ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген жумушчуларга каралган жеңилдиктер тизмектелди