Лукашенко: Европа үчүн Украина боюнча тынчтык планынын мазмуну маанилүү эмес

Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Европа үчүн Украина боюнча тынчтык планынын мазмуну маанилүү эмес. Анткени алар тынчтыкты каалабайт. Бул тууралуу Беларустун президенти Александр Лукашенко Sputnik агенттигинин кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, Европа сунушка болор-болбос жерден эле асылып, анын кабыл алынышын создуктурууда.
“Европалыктарга согуштун эмне кереги бар экенин такыр түшүнбөдүм. Алар жеңишке жетпейт да. Англиялыктардын анча жакшы эмес таасири бар. Акылына келишер”, — деди Беларусь президенти.
Ал ошондой эле согуш ар бир коомдун жана өлкөнүн жашоосундагы катаал учур экенин, ошондуктан эч качан бошоңдобоо керектигин кошумчалады.
Путин ЖККУ күчтөрүн россиялык жаңы куралдар менен камсыздоону сунуштады. Видео