БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЖККУ боюнча өнөктөштөргө Кыргызстандын төрагалыгы маалында көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.
Эскерте кетсек, ушу тапта Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери, коргоо министрлери жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын биргелешкен жыйыны өтүп жатат.
Кулубаев бүгүнкү иш-чара жемиштүү болоруна ишеним артты. Жыйында коопсуздукка байланышкан маанилүү маселелер, тагыраагы, баңгизат жүгүртүүгө жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү талкууланууда. Жыйынтыгы менен декларация кабыл алынып, кийинки үч жылга ЖККУнун баш катчысынын талапкерлиги каралмакчы. Бул кызматка Кыргызстан Таалатбек Масадыковду көрсөтүүдө.