БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кытайдын Гонконгунда турак жай комплексинен чыккан өрт 44 кишинин өмүрүн алып кетсе, 279 адамдын дайын-дареги белгисиз болуп жатат. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Кечээ көп кабат үйлөрдүн алоолонуп күйүп жаткан кадрлары дүйнөгө тараган.
Тилсиз жоо сегиз имаратка жайылган. Ал жердин өзүнчө Wang Fuk Court (Уан Фук) деп аталган турак жай комплекси болгонун айтышууда.
Бул трагедиядан улам Гонконг полициясы өрткө байланыштуу деп үч кишини камакка алганын шаардык South China Morning Post (SCMP) басылмасы жазды.