Радио

Эттин баасын кымбаттаткан 94 учур аныкталып, айып салынды

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын талдоо, отчеттуулук жана Евразия экономикалык комиссиясы менен өз ара аракеттешүү башкармалыгынын башкы адиси Айпери Жусупбекова элден даттануулар түшүп жатканын билдирди.
Sputnik
Учурда эттин баасына мамлекет кылдат көзөмөл жүргүзүүдө. Бул тууралуу Айпери Жусупбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тийиштүү кызматкерлер базарларды, эт саткан дүкөндөрдү кыдырып текшерүүдө.
"Мамлекеттик жөнгө салуу 11-августта киргизилген. Анда сөөктүү этке баа коюлган, сулп эт буга кирбейт. Бул аралыкта биздин кызмат 751 ирет кыдырууга чыгып, 2 900 жолу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анда эттин баасын негизсиз кымбаттаткан 94 учур аныкталып айып салынды. Ошондой эле 22 жазма эскертме берилди. Биздин кызматкерлер базар, соода түйүн, эт дүкөндөрүн кыдырып, эреже бузгандарга алгач эскертүү берип, эгер аны аткарбаса айып пул салат. Эттин баасына байланыштуу тургундардан арыздар түшүп жатат. Аларды кылдат текшерип, тийиштүү чараларды көрүп жатабыз", — деди Жусупбекова.
Ошондой эле ал бааны негизсиз көтөргөн жеке жактарга 7 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынарын кошумчалады.