ЖККУ: Бишкекте министрлер менен коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйыны башталды

Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бишкекте ЖККУнун тышкы иштер, коргоо министрлери жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын биргелешкен жыйыны башталды.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев иш-чараны ачып жатып, өнөктөштөргө Кыргызстандын төрагалыгы маалындагы колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле бүгүнкү жыйын жемиштүү болоруна ишеним артып, талкууну жабык эшик артында улантууну сунуштады.
Жыйында учурдагы коопсуздукка байланышкан маанилүү маселелер сөз болору белгиленди. Анын ичинде баңгизат жүгүртүүгө жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташууну бекемдөө маселеси бар.
Катышуучулар коопсуздук боюнча актуалдуу маселелерге арналган декларацияны кабыл алары күтүлүп жатат. Ошондой эле кийинки үч жылга ЖККУнун баш катчысынын талапкерлиги каралат. Бул кызматка Кыргызстан Таалатбек Масадыковду көрсөтүүдө.
Эксперт: ЖККУнун аскердик, биологиялык коопсуздукту камсыздоодо ролу артты