Бишкектеги ЖККУ саммити кандай өттү. Президенттердин жолугушуусунан 16 сүрөт

Бишкекте Россия, Беларусь, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын президенттеринин катышуусунда ЖККУнун саммити өттү. Иш-чара кандай болгонун Sputnik даярдаган сүрөт түрмөктөн көрүңүз.
Sputnik
Уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары эл аралык жана аймактык коопсуздук маселесин кенен талкуулап, жыл ичиндеги иштин жыйынтыгын чыгарышты. Жыйынга Кыргызстандын президенти төрагалык кылды.
1 / 16

Мамлекет башчыларына жолугушуунун алдында Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кыскача этномаданий программа тартууланган

2 / 16

"Ала-Арча" резиденциясындагы этнографиялык комплекс. Бул жерде президенттерге кыргыз элинин салттуу турмуш-тиричилигинин жана маданиятынын элементтери көрсөтүлдү.

3 / 16

Садыр Жапаров ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлерине колго кийизден жасалган паннолорду жана музыкалык аспаптарды белекке берди.

Сүрөттө ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери: Александр Лукашенко, Эмомали Рахмон, Владимир Путин, Касым-Жомарт Токаев жана Садыр Жапаров.

4 / 16

Владимир Путин "Кыргыз айылын" кыдырганда комуз черткенге аракет кылды. Ал эми аэропорттон көчмөндөрдүн турак жайы тууралуу угуп жатканда боз үйү бар экенин айтты.

5 / 16

Владимир Путин менен Садыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларын тосуп алуу аземинде. Россия лидерин унаадан түшкөндө КР ТИМ башчысы тосуп алды.

6 / 16

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Садыр Жапаров ЖККУнун жыйынынын алдында

7 / 16

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын сүрөткө түшүү аземи

8 / 16

Беларусь президенти Александр Лукашенко менен Садыр Жапаров жыйын алдында

9 / 16

ЖККУнун төрагалыгы Кыргызстандан Россияга өттү. Сүрөттө Садыр Жапаров менен Владимир Путин.

10 / 16

Президент Садыр Жапаров ЖККУнун Бишкектеги саммитинде Кыргызстандын уюмга төрагалык кылуусунун жыйынтыгын чыгарды.

11 / 16

ЖККУ саммитинин ишин Россия, Казакстан, Тажикстан, Беларусь, Түркия, Кытай жана башка өлкөлөрдөн келген 250дөн ашык журналист чагылдырды.

12 / 16

ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйыны учурунда

13 / 16

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынында документтерге кол коюу учурунда

14 / 16

Жыйын учуру "Ынтымак ордонун" пресс-борборунда түз эфирде көрсөтүлдү

15 / 16

Россия лидери Владимир Путин, Беларустун коргоо министри Виктор Хренин жана РФтин коргоо министри Андрей Белоусов ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кеңейтилген курамдагы отурумунан кийин

16 / 16

Садыр Жапаров ЖККУнун баш катчысы кызматынан кетип жаткан Имангали Тасмагамбетовго уюмдун Ардак белгисин тапшырды. Ал анын жемиштүү эмгегин жана уюмдун өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгиледи. 1-январдан тарта бул кызматка Кыргызстандын өкүлү Таалатбек Масадыков дайындалат.

Тема боюнча:
Жапаров Кыргызстандын ЖККУга төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарды. Тезис
Путиндин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарындагы кызыктуу ирмемдер. Видео