БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бишкекте ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны башталды.
Президент Садыр Жапаров "Ынтымак ордодо" уюмга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларын расмий тосуп алууда.
Иш-чаранын алкагында Кыргызстан, Россия, Беларусь жана Казакстан мамлекеттеринин президенттери 10дон ашык документке кол коюшат. Алар жамааттык коргонуу механизмдерин чыңдоого жана аскердик-саясий кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.
Sputnik иш-чараны түз алып көрсөтүүдө.