Бишкектин алдыңкы мектептеринин бири кандай өзгөрдү. Видео

Бишкектеги КРСУнун мектеби Россиянын каржылоосу менен толук модернизациялангандан кийин кайрадан ачылды.
Sputnik
Борбор калаада Кыргыз-Россия Славян университетинин мектеби 30 жылдан бери алгачкы ирет оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, салтанаттуу ачылышы болду.
Иш-чарага Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин атайын өкүлү Николай Кудрявцев, Кыргызстандын илим, жогорку билим жана инновация министринин орун басары Айбек Чотонов, университеттин администрациясы, окутуучулар жана студенттер катышты.
КРСУнун маалыматы боюнча, мектептин жогорку класстарына кабыл алуу сынагында бир орун үчүн 27 окуучу ат салышат. Билим уясы толугу менен Россия тарабынан каржыланып, акысыз окууга жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө шарт түзүлгөн. Класстар жаңы эмеректер, интерактивдүү панелдер жана лабораториялык жабдуулар менен жабдылды. КРСУнун ректору Сергей Волков бала бакча ачуу да пландалып жатканын билдирди.
"Мектеп 2025-жылдан тарта толугу менен Россиянын каржылоосуна өтүп, билим алуу акысыз. Башталгыч класстын 200 окуучусуна ысык тамак берилет. Бул — келечектин мектеби, анда жогорку класстын окуучулары кесиптик билим алышат. Окутуу үзгүлтүксүз жүрүп, кесиптик тандоого багытталган. Биздин мектеп бардык каалоочулар үчүн бирдиктүү мамлекеттик экзамен тапшыра турган негизги борбор бойдон кала берет", — деди Волков.
КРСУнун кызматкерлерине ачылыштын алкагында Россиянын Билим берүү жана илим министрлигинин 20 ведомстволук сыйлыгы тапшырылды. Ал эми мектептин беш мугалими "Университетке сиңирген эмгеги үчүн" сыйлыгын алышты.