Араванда сарайдан өрт чыгып, 7 жашар бала көз жумду

Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Оштун Араван районундагы Чечек айылында сарайдан өрт чыгып, кырсыктан 7 жашар бала көз жумганын ӨКМ билдирди.
Маалымат саат 14:14тө түшүп, окуя болгон жерге бир бөлүм жөнөтүлгөн. Өрт толугу менен 1,5 сааттан кийин өчүрүлгөнү белгилүү болду.
ӨКМдин айтымында, балдар ойноп жатып кокусунан сарайга от коюп жиберишкен. Каза болгон баланын ата-энеси ал убакта жумушта болгону айтылды.
Ошто 5 баласы менен каза болгон келин. ӨКМ жаңы маалымат таратты