БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. АКШ европалык союздаштарын Вашингтон Украина боюнча тынчтык келишимин Киев үчүн коопсуздук кепилдиктери берилгичекти түзүү ниети тууралуу кабардар кылды. Бул тууралуу Американын мамлекеттик катчысы Марко Рубио билдиргенин РИА Новости Politico басылмасына таянуу менен жазды.
"Рубио европалык союздаштарына АКШ Украина үчүн кандайдыр бир коопсуздук кепилдиктерине макул болордон мурун тынчтык келишимин түзүүнү каалай турганын билдирди", — деп айтылат макалада.
Басылмага маалымат берген тараптын айтымында, Рубио макулдашуу түзүлгөндөн кийинки чечиле турган бир нече маселе бар экенин айткан. Европалыктар кеп Украинанын аймактык бүтүндүгү жана Россиянын тоңдурулган каражаты тууралуу болушу мүмкүн экенин болжолдошууда.
Эске салсак, өткөн жумада АКШ администрациясы Украина маселесин жөнгө салуу боюнча план иштеп чыкканын кабарлаган.
Россия президенти Владимир Путин Москвага америкалык сунуштун тексти келгенин, бирок ал талкуулана электигин билдирген. РФ лидери аталган документ Украинадагы кырдаалды жөнгө салууга негиз болуп бериши мүмкүн экенин белгилеген болчу. Анын айтымында, Россиянын согуш талаасындагы позициясы канааттандырарлык болсо да Москва сүйлөшүүгө жана маселени тынчтык жолу менен чечүүгө дайым ачык.
23-ноябрда Женевада Евробиримдик, АКШ жана Украина өкүлдөрү жолугуп, америкалык планга алымча-кошумчасын киргизишкен.