БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. 28-ноябрь, жума күнү, республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +13...+18, Талас аймагында +15...+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +14...+19, Ысык-Көлдө +4...+9, Нарын өрөөнүндө +3...+8 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +14…+16, Ош шаарында +16...+18 градуска көтөрүлөт.