Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкекте өткөн ЖККУ саммитинде жабык эшик артында эмне талкууланганын айтып берди. Өлкө башчы Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгынын жыйынтыгын дагы чыгарды. Жапаровдун кебинин урунтуу учурлары булар: Аймактык жана глобалдык коопсуздуктун негизги аспектилери боюнча ачык пикир алмашуу болду. Күн тартибиндеги бардык пунктар боюнча өз ара түшүнүштү.Коопсуздукка коркунуч жараткан чакырыктарга каршы туруу боюнча конкреттүү кадамдар жасалды. ЖККУнун эл аралык аброюн бекемдөө боюнча активдүү иштер жүргүзүлдү. Бир катар ири машыгуулар өткөрүлдү. Бул жана башка иш-чаралар уюмга мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн бөлүмдөрүнүн аракеттеринин ырааттуулугун камсыздап, коюлган милдеттерди аткарууга даярдыгын жогорулатты.Жыйында аткарылган иштердин жыйынтыгы гана чыгарылбастан, келерки жылга ЖККУнун актуалдуу ишмердүүлүк багыттары да аныкталды.
1-январдан тарта ЖККУнун баш катчысы Таалатбек Масадыков болот. Ага чейин бул кызматты Имангали Тасмагамбетов аркалап келген. ЖККУнун Бишкектеги бул сапаркы саммитинде баш катчылар алмашты. Ал эми кызматын тапшырып кетип жаткан Тасмагамбетовго уюмдун I даражадагы ардак белгисин президент Садыр Жапаров тапшырды. Өлкө башчысы Тасмагамбетовдун үзүрлүү эмгегин жана уюмдун өнүгүшүнө кошкон зор салымын жогору баалады. 64 жаштагы Таалатбек Масадыков 2024-жылдан бери уюмдун башкы катчысынын орун басары кызматын аркалап келет. Кыргызстанда Коопсуздук кеңеште президенттин өкүлү катары иштеген. Кыргыз, орус, англис, пушту жана дари тилдерин билет.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар куруу, архитектура, транспорт жана экология тармактарындагы эксперттерди жана адистерди 2050-жылга чейин борбор калааны өнүктүрүүнүн башкы планынын долбоорунун презентациясына жана эксперттик талкууга катышууга чакырууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара 2-декабрда саат 15:00дө "Жаштык Аренада" өтөт. Жолугушууда долбоордун иштеп чыгуучулары башкы пландын долбоорун сунуштап, андан кийин чакырылган адистердин катышуусунда эксперттик талкуу болот. Иш-чарага катышууну каалагандар алдын ала катышуусун тастыктап коюусу керек.
АКШ европалык союздаштарын Вашингтон Украина боюнча тынчтык келишимин Киев үчүн коопсуздук кепилдиктери берилгичекти түзүү ниети тууралуу кабардар кылды. Бул тууралуу Американын мамлекеттик катчысы Марко Рубио билдиргенин РИА Новости Politico басылмасына таянуу менен жазды. "Рубио европалык союздаштарына АКШ Украина үчүн кандайдыр бир коопсуздук кепилдиктерине макул болордон мурун тынчтык келишимин түзүүнү каалай турганын билдирди", — деп айтылат макалада. Басылмага маалымат берген тараптын айтымында, Рубио макулдашуу түзүлгөндөн кийинки чечиле турган бир нече маселе бар экенин айткан. Европалыктар кеп Украинанын аймактык бүтүндүгү жана Россиянын тоңдурулган каражаты тууралуу болушу мүмкүн экенин болжолдошууда.Эске салсак, өткөн жумада АКШ администрациясы Украина маселесин жөнгө салуу боюнча план иштеп чыкканын кабарлаган.