Ат үстүндөгү милиция: кайсы аймактарда жана кандай шарттарда кызмат өтөйт?

Sputnik
Атчан патруль кызматы өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылууга жарам берет. Алар тоолуу, жетүү кыйын аймактарда жана сейил бактарда коомдук тартипти сактоодо чоң жардам берет. Атчан кызматкерлер жаратылыш шарттарында автоунаа өтө албай турган жерлерге да тез жетип, кырдаалга ыкчам жооп кайтара алышат. Мындан тышкары, ат үстүндөгү патруль эл менен тыгыз байланыш түзүп, туристтик жайларда коопсуздукту бекемдейт. Бул кызмат криминалдык көрүнүштөрдү алдын алууга жана коомдук тартипти көзөмөлдөөгө да салым кошот. Атчан патруль кызматында жалпы 43 милиция кызматкери жана 32 кызматтык ат бар. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Милициянын кайгуул күзөт кызмат полкунун командири, милициянын полковниги Канатбек Жумаев айтып берди.