Билимдүү коомду билимдүү мугалим калыптандырат – педагогдордун билимин өркүндөткөн институт баскан 80 кыр

Sputnik
Мугалимдин билимдүү болушу, дайым окуп-үйрөнүп билимин өркүндөтүп туруусу бул жөн эле формалдуу талап эмес, бул билим берүүдөгү сапаттын өзөгү. Анткени окуучуларга туура жана актуалдуу билим берүү үчүн мугалим закымдаган замандын күрөө тамырын кармап, өзүн байгеге чабылчу аттай тапташы зарыл. Антпесе окуучулардын убалына калары турган иш. Бүгүнкү “Күн башат” программасында дал ушул мугалимдердин билимин дайым өркүндөтүп туруусуна шарт түзгөн институт тууралуу кеп кылабыз. Тактап айтканда быйыл түптөлгөнүнө 80 жыл толгон. Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институнун ишмердүүлүгү, тарыхы тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга аталган мекеменин жетекчиси Алмаз Токтомаметов жооп берди.