БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Борбор Азиянын аскердик жана биологиялык коопсуздугун камсыздоодо ЖККУнун ролу чоң. Бул тууралуу атайын кызматтын ардагери Нурлан Досалиев айтты.
Эксперт аталган уюмдун мааниси күн санап өсүп жатканын белгилеп, себептерин санап берди.
"Афганстанда учурда согуштан башканы көрбөгөн муун чоңойду. Мындан тышкары, аталган өлкөдө 60 миңге чейин ар кандай террордук топтор бар. Ошондон улам НАТОнун атайын кызматтары Афганстанды бүтүндөй аймакты чайпалтууга пайдалануу боюнча иштеп жатышат. Ошондой эле акыркы жылдары биологиялык коркунучтар күч алды. ЖККУнун Борбордук Азиянын аскердик жана биологиялык коопсуздугун камсыздоодо ролу чоң", — деди Нурлан Досалиев.
Эске салсак, эртең, 27-ноябрда, Кыргызстандын төрагалыгында ЖККУга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин саммити башталат. Андан соң бул вазийпа Россияга өтөт.