БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын президенттери Садыр Жапаров жана Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында мамлекеттик органдар эки тараптуу документтерге кол коюшту. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Эске салсак, кечээ Бишкекке Путин жана ал жетектеген ири делегация расмий сапар менен келип түшкөн. Бүгүн, 26-ноябрда, билим берүү, саламаттык сактоо, миграция, коопсуздук, экономикалык жана аскердик-техникалык жактан өз ара кызматташууну арттырууга багытталган эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Жапаров менен Путин Союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол койду.
Эки лидерден башкалар кол койгон документтер:
Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин ортосундагы стратегиялык пландоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстан жана Россиянын ички иштер жана миграция маселелери боюнча компетенттүү органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашуу;
министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруу шарттары жөнүндө макулдашуу;
министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн ортосундагы калктын санитардык-эпидемиологиялык туруктуулукту камсыз кылуу жаатында кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
эки мамлекеттин Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосундагы кардиология жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы 2017-жылдын 20-июнундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
"Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому менен "Россия почтасы" акционердик коомунун ортосундагы кызматташуу ниеттери жөнүндө макулдашуу.