БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Ынтымак ордо" президенттик администрациясынын имаратында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын мамлекеттик сапар менен келген лидери Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, Ардак кароол тизилди. Путиндин кортежин "Ынтымак ордого" 40 чоро коштоп келди.
Мамлекет башчылары кол алышып, андан соң эки өлкөнүн гимндери ойнолду. Жапаров менен Путин сап менен басып, Россиянын лидери аскер кызматкерлери менен "Салам, аскер!" деп учурашты.
Мындан соң президенттер имаратка кирип, сүрөткө түшүштү.
Салтанаттуу аземден кийин жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр пландаштырылган, анда эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, ошондой эле ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана ЖККУ алкагындагы өз ара кызматташуу маселелери каралат. Сапардын жыйынтыгында мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүнө жана бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.