Жапаров: ЕАЭБ КР менен РФтин биргелешкен долбоорлоруна кенен жол ачууда

Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Россия Кыргызстандын ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири бойдон калууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров РФ лидери Владимир Путин менен менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы интеграция биргелешкен долбоорлор, кооперациялар, инвестиция үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.
Өлкө башчысы Кыргызстан инфраструктуралык, энергетикалык, өнөр жай жана гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууда Россиянын жардам-көмөгүн жогору баалай турганын белгилеген.
"2025-жылы Кыргызстанда иштеген россиялык компаниялардын саны 1800гө жетти. Бул — мурунку жылдарга салыштырмалуу үч эсе көп көрсөткүч. Билим берүү, маданият жана миграциялык саясат багытындагы кызматташуунун мааниси артты. Кыргызстандын жүз миңдеген жараны Россияда иштеп, эки өлкөнүн тең экономикасына салым кошууда, ал эми россиялык окуу жайларга кыргызстандыктардын суроо-талабы мурункудай эле күч", — деди Жапаров.
Президент биргелешкен долбоорлор эки өлкөнүн алакасын бекемдөөгө өбөлгө экенин кошумчалады. Ал РФ лидери менен өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы "эки боордош калктын бакубаттуулугун шарттаган" саамалыктарды жаратарына ишеним артты.
Путин: эки өлкөнүн алакасы улуттук кызыкчылыктардын сакталышына негизделген