Өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулукка 25-45 жаштагы адамдар көп кабылышат. Бул тууралуу Курманжан Умаржан кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, үй-бүлөлүк зомбулуктун келип чыгышына салттык түшүнүктөр жана патриархалдык мамиле себеп.
"Ички иштер органдарынын маалыматына ылайык, зомбулукка кабылгандардын 94 пайызын аялдар, 6 пайызын эркектер түзөт. Эркектер көбүнчө психикалык зомбулукка кабылганын билдиришет. Акыркы жылдары маалымдуулуктун өсүшүнө байланыштуу кайрылуулар да көбөйүүдө. Башкы прокуратуранын 2025-жылдын алты айынын статистикасын карасак, 10 миң 75 билдирүү катталып, 310 факт боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми 2 697 учурга Укук бузуулар кодекси боюнча протоколдор түзүлгөн. 2023-жылы кайрылуулар 25 пайызга өскөн болсо, өткөн жылы 61 пайызга жогорулаган. Дүйнөдө зомбулук гендердик ролдор, коомдук нормалар аркылуу шартталса, бизде салттык түшүнүктөр жана патриархалдык мамилелерден келип чыгат", — деди Умаржан кызы.
Ал, мындан тышкары, үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу үчүн 17 субъект биргелешип иш жүргүзүп келерин кошумчалады.