БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Киев Москва менен жаңжалды жөнгө салуу үчүн келишим түзүүгө макул болушу керек. Россиянын армиясы Украинаныкынан алда канча көптүк кылат. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бул согуш жылдар бою токтобой жүрө бериши мүмкүн. Россияда адамдардын, жоокерлердин саны көп. Менимче, Украина келишимге келе алса — жакшы. Экөөнө тең жакшы болот. Украина — бул адамдардын саны кыйла аз топ", — деди Трамп.
Ал Украина бериши керек болгон аймактарды Россия жакынкы бир-эки айдын ичинде көзөмөлгө алып кое аларын болжолдоду.
"Эгер жакшылап карай турган болсоңор, бир тарапты көздөй гана жылышты байкайсыңар", — деди Трамп.
Ак үйдүн башчысы Москва армиясын андан ары жылдырбай токтотуу менен жеңилдик бериши мүмкүн деген оюн билдирди. Ал жалпысынан Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдө натыйжа бар экенин айтты. Ошол эле учурда АКШ президенти жөнгө салуунун так мөөнөтү жок экенин, бирок Киев жакын арада келишимди кабыл алат деп күтөрүн кошумчалады.
Трамптын башка дагы билдирүүлөрү:
сүйлөшүүлөрдө чек ара маселеси талкууланууда, бул — татаал процесс;
Киев үчүн коопсуздук кепилдигине Европа катышат;
атайын чабарман Стив Уиткофф келерки аптада Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугат;
Владимир Зеленскийдин АКШга сапарынын алдында адегенде Украинаны жөнгө салуу боюнча келишимге жетишүү керек.
АКШнын тынчтык демилгеси жана европалык "өзгөртүүлөр"
Өткөн аптада Кошмо Штаттардын администрациясы Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча тынчтык демилгесин иштеп чыкканын жарыялаган. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, бул планда Донбасстын бүт аймагын Москванын карамагына өткөрүү жана Крымды Россиянын аймагы катары расмий таануу, Запорожье, Херсон облустарындагы кагылышууну жүрүп жаткан жеринен токтотуу камтылган. Мындан тышкары, Украина Куралдуу күчтөрүнүн санын эки эсе кыскартуу, Россиянын аймагына терең сокку урууга жөндөмдүү чет элдик аскерлерди жана курал-жаракты Украинага киргизүүгө тыюу салуу каралган.
23-ноябрда Женевада Евробиримдиктин, АКШ жана Киев өкүлдөрү жолугуп, анда америкалык сунушка өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланган. Reuters жана The Telegraph агенттиктери өзгөртүүлөрдүн эки версиясын жарыялашты. Биринчиси боюнча Евробиримдик Украинанын куралдуу күчтөрүнүн санын 800 миң деп белгилөөнү сунуштаса, экинчисинде эч кандай чектөө жок.
Запорожье АЭСи боюнча Reuters агенттигинин маалыматына караганда, аны МАГАТЭнин көзөмөлү астында кайра иштетүү сунушталып, өндүрүлгөн электр энергиясы Россия менен Украинанын ортосунда тең бөлүштүрүлөт. Ал эми Telegraph жарыялаган сунушта заводду толугу менен Киев режиминин карамагына берүү көрсөтүлгөн.
Айрым булактардын айтымында, европалык планда Украинага тынчтык мезгилинде НАТО күчтөрүн киргизүүгө тыюу салынат, ал эми башка маалыматтар боюнча, чет элдик аскерлердин кириши тууралуу чечимди Киев кабыл алат. Ошол эле маалда, эки медианын тең билдирүүсү боюнча, Евробиримдиктин планында фронт линиясындагы жаңжалды токтотуу каралган. Бул АКШнын Украина Куралдуу күчтөрүн Донбасстан чыгаруу планынын башкы пунктуна карама-каршы келет.