Беларустун Гомелин советтик жоокерлер бошоткон видео

Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. 1943-жылы 26-ноябрда советтик аскерлер нацисттик баскынчыларды жеңип, Беларустун Гомелин бошоткон.
Улуу Ата Мекендин согуштун дагы бир салгылашы кандай болгонун Sputnik Ближнее зарубежье баяндап бермекчи.
Аталган аймакты бошотуу Кызыл армиянын Гомель-Речицкой чабуулунун бир бөлүгү болуп калды. Анын жыйынтыгы менен Беларусь ССРинин эли баскынчылардан кутулду. Мындан сырткары, кармаш чегинин Киев багытына жылышына мүмкүнчүлүк ачылган.
Советтик аскерлерге партизандар жардам берген. Алар оорукта жүрүп, темир жолдорду, көпүрөлөрдү жардырып, душманга сырттан көмөк келбей тургандай кылышкан. Ошол каарман адамдар күрөшүп, 34 айыл-кыштакты советтик жоокерлер келгиче бербей кармап турушкан.
Немецтер шаарды дээрлик толук талкалашкан. 5000ден ашуун имарат, 20га чукул көчө жок болуп, Монастырёк кыштагынын катуудан казанын, жумшактан күлүн калтырышкан. Кийин аны еврейлик геттого айлантышат. Шаарда душмандар 829 күн турган. Гомелде согушка чейин 140 миң жашоочу болсо, аны фашисттерден тазалап жатканда 15 миңге жетпеген киши калган.
82 жыл мурда Киевди советтик жоокерлер фашисттерден бошоткон. Видео