Сом менен төлөнгөн айлыктын орточо көлөмү кандай өзгөрдү

Кыргызстан 1993-жылы өзүнүн улуттук акчасын — сомду жүгүртүүгө киргизген.
Sputnik
Бул мезгил аралыгында маянанын орточо көлөмү кандай өзгөргөнүнө баам салабыз. 1993-жылы 84 сом болуп, кийин акырындап өсө баштады. 1999-жылы айлык миң сомдон жогору болду, ал эми 2012-жылы 10 миң сомдон ашты.
Маяна өзгөчө биз Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден тарта ыкчам өсө баштаган.
2015-жылы жалыйна 13,5 миң сомдун тегерегинде болсо, ал эми Статкомдун соңку маалыматында (январь-сентябрь ичинде) сандар 42 миң 800дү көрсөткөн.