БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Былтыр Россия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 13,6 пайызга жогорулап, 4,1 миллиард долларга жетти. Бул рекорддук чек экенин РФ президенти Владимир Путин КР өлкө башчысы Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда билдирди.
Муну менен бирге ал республика экономикасына жасалган россиялык инвестициянын көлөмү да өсүп, 2 миллиард долларга чамалап барганын белгилеген.
"Өлкөдө Россиянын катышуусу менен иштеген компаниялардын саны 1,7 миңден ашты. Россиялык инвесторлордун мынчалык ишеним артышы Сиздин аракетиңизге жана өлкө ичинде жүргүзгөн ырааттуу саясатыңызга байланыштуу. Сиздин жетекчилигиңиз менен Кыргызстан туруктуу, ишенимдүү өнөктөш болуп келет. Бул — эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык байланышты чыңдоонун негизги шарты", — деди Путин.
РФ лидери эсеп-чоттун дээрлик 97 пайызы улуттук валюта менен жүргүзүлөрүн белгилеп, өз ара эсептешүүнүн жаңы варианттары иштелип чыгып жатканына токтолду. Мындан тышкары, Россиянын алдыңкы мунай жана газ компаниялары Кыргызстанды көгүлтүр от жана нефть продукциялары менен камсыздап жатканын белгиледи.
"Эки өлкөнүн тынчтык атому, күн жана шамал электр станцияларын куруу, санарип экономика, транспорт жана логистика багытында кызматташууну арттыруучу дарамети чоң", — деди Путин.