Россиянын Кыргызстанга кооптуу илдеттер менен күрөшүүгө берген жардамы. Видео

Россия Кыргызстанга өлкөнүн эпидемиологиялык коопсуздугун бекемдей турган эки лаборатория берди. Алардын жардамы менен медиктер ВИЧ, гепатит, кара тумоо жана башка коркунучтуу инфекцияларды тез аныктай алат.
Sputnik
Буга чейин Россия өлкөгө мындай дагы беш лаборатория берген. Салтанатта Роспотребнадзордун башчысы Анна Попова ар бир мамлекеттин кооптуу инфекциялардын тарап кетишин алдын алууга мүмкүнчүлүгү болушу керектигин айтты.
"Бул биологиялык суверендүүлүктүн элементи жана бүгүн кесиптештерибизди Россияда жасалган жогорку технологиялуу лабораториялар менен жабдып, аны бекемдеп жатабыз", — деди Попова.
Ал Россия менен Кыргызстан бир нече жаратылыш очокторунда кара тумоону алдын алуу боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашырарын кошумчалады.
Тема боюнча:
Кыргызстан менен Россия биологиялык коркунучтарга каршы күрөшүү борборун ачат