Путиндин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарындагы кызыктуу ирмемдер. Видео

Россия лидери Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди.
Sputnik
Ардактуу конокту 25-ноябрда кечкурун президент Садыр Жапаров "Манас" эл аралык аэропортунан салтанат менен тосуп алды. Алар дароо Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Жеңиш аянтына барышты. Ал жерде Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерип, гүлчамбар коюшту.
Эртеси "Ынтымак ордодо" Россия менен Кыргызстан президенттеринин катышуусунда мамлекеттик сапардын расмий бөлүгү өттү. Бул жерден да салтанат менен тосуп алышып, Путин түшкөн автоунааны Манастын 40 чоросу жолугушуу өтө турган жерге чейин коштоп келишти.
Президенттер эки тараптуу кызматташууну талкуулап, анын жыйынтыгы менен кызматташууну шарттаган сегиз документке кол коюлду. Мамлекеттик сапар 27-ноябрга чейин уланмакчы. Путин эртең ЖККУнун саммитине катышат.