Путин: эки өлкөнүн алакасы улуттук кызыкчылыктардын сакталышына негизделген

Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Россия менен Кыргызстандын мамилеси өз ара урмат-сыйга, улуттук кызыкчылыктардын сакталышына негизделген. Бул тууралуу Владимир Путин мамлекеттик сапар алкагында Садыр Жапаров менен жолугуп жатып айтты.
"Эки тараптуу кызматташтыктын орчундуу маселелери ар дайым биздин көзөмөлдө", — деди РФ лидери "Ынтымак ордодогу" жолугушууда.
Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода 2024-жылы рекорддук көрсөткүчкө жетип, 4,1 миллиард доллар болгонуна токтолду.
"Сиз россиялык инвестициялар жөнүндө айттыңыз. Чындыгында өсүүдө. Алардын көлөмү азыр дээрлик эки миллиард долларга жетти. Республикада россиялык капиталы бар 1,7 миңден ашык компания иштеп жатат. Белгилей кетсем, россиялык инвесторлордун Кыргызстанга ишеним көрсөтүп, капиталдарын кыргыз экономикасына салып жатканы сиздин аракетиңизге жана өлкөдөгү саясий туруктуулукка байланыштуу", — деп Путин белгиледи.
Россия лидери Жапаров менен тыгыз байланышта болуп, эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин дайыма талкуулап тургандыктарына токтолду.

"Жыл соңунда Россияда, Жогорку евразиялык кеңештин отурумунда жана салт болуп калган Жаңы жылдык жолугушууда көрүшөбүз. Биз сүйлөшүп, талкуулай турган маселелер арбын", — деген РФ лидери.

Ал Россия Кыргызстан ЖККУга төрагалык кылган мезгилде жасаган иштерин жогору баалай турганын кошумчалаган.
"Россия мындан ары сиздерден эстафетаны кабыл алып, 2026-жылы уюмга төрагалык кылат", — деп жыйынтыктады Путин.
Эске салсак, РФ президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келип түштү. Аны ири делегация коштоп келди.
Жапаров Путинге: Кыргызстанга сапарыңыз ортодогу мамиленин бекемдигин көрсөтүп турат