Россия менен Беларусь лидерлери Бишкекте Украина боюнча абалды талкуулашты

Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Россия менен Беларустун президенттери Владимир Путин жана Александр Лукашенко Бишкектеги жолугушууда Украина боюнча абалды талкуулашканын РИА Новости жазды.
РФ лидери беларустук кесиптеши менен дайым байланышта экенин белгилеп, анын Украинада тынчтык орнотуу процессине кошкон салымына токтолду.
"Сиз жаңжал эртерээк аягына чыкса деген адамдардын бирисиз, абалдан толук кабардарсыз. Кырдаалды жөнгө салууга кошкон салымыңызды унутпайбыз, аракеттериңиз алгачкы күндөн тартып эле жемиштүү болгон. Киев режими менен биринчи жолугушуулар да Беларусь жеринде жеке өзүңүздүн катышууңуз менен өткөн", — деди Путин.
Лукашенко өз кезегинде Минск эгер Москва кааласа Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Ал АКШ жаңжалды жөнгө салууда талаптарды туура кое билсе баары жакшы болорун белгилеген.
"Бизди туугандык жайыбыздан тышкары союздаштыгыбыз да бириктирип турат. Акыркы окуялар абал жөнгө салынарынан кабар берип тургансыйт", — деди Беларусь президенти.
Эскерте кетсек, Путин Кыргызстанга 25-ноябрь күнү мамлекеттик сапар менен келген. Ал Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугуп, өлкө башчылары мамилени тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүү жасашты. РФ лидери 27-ноябрда өтө турган ЖККУ саммитине да катышат.
Лукашенко Бишкекке бүгүн кечке маал конду.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Захарова: Европа Украинада тынчтык орнотуу аракетин үзгүлтүккө учуратмакчы