Путин: Кыргызстанда орус тилине жасалган мамилени жогору баалайбыз

Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда расмий макамы Конституцияда белгиленген орус тили ачык жана эркин колдонулуп жатканы кубандырат. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Кыргызстандын жетекчиси Садыр Жапаров менен Бишкектеги сүйлөшүүсүн жыйынтыктап жатып билдирди.
Эскерте кетсек, Путин учурда Кыргызстанда мамлекеттик сапары менен жүрөт. Бүгүн "Ынтымак ордодо" эки президенттин кеңири курамдагы сүйлөшүүсү өттү.
"Республиканын жетекчилиги орус тилин ар тармакта колдонууну колдоп келет. Биз муну жогору баалайбыз", — деди РФ лидери.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кыргызстанда орус тилине аяр мамиле жасаларын тастыктады. Өлкө башчысы орус тили Пушкин менен Толстойдун гана эмес, кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун дагы тили экенин белгиледи. Жапаров ошондой эле "Чет элдеги россиялык мугалим" гуманитардык долбоору пайдалуу болгонун кошумчалады. Анын алкагында Россиядан келген мугалимдер Кыргызстандын аймактарында орус тилин үйрөтүп жатышат.
Ал, мындан тышкары, Россотрудничество жана "Евразия" уюмунун социалдык жаатта көптөгөн долбоорлору бар экенин кошумчалады.
Путин: эки өлкөнүн алакасы улуттук кызыкчылыктардын сакталышына негизделген