Ноокатта 15 жаштагы бала аттан жыгылып каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Ноокат районунда 15 жаштагы бала аттан жыгылып каза болгонун Ош облустук милициясы билдирди.
Укук коргоо органдарына окуя тууралуу Тез жардам кызматы кабарлап, бала райондук ооруканага жеткирилгенге чейин эле каза болуп калганы айтылган.
Милиция өспүрүмдүн ата-энеси соттук экспертизадан жана арыз жазуудан баш тартканын маалымдады.
Алай: 16 жаштагы өспүрүм айдап бараткан машина сайга кулап, бир бала көз жумду