БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) өлкө экономикасына 1 миллиард доллардан ашык инвестиция салды. Бул тууралуу Садыр Жапаров Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча билдирди.
Мамлекет башчы фонд түзүлгөндөн бери (2014-жыл) республиканын бардык аймактарында 3,5 миңден ашык долбоорду каржылаганын белгиледи.
"РКӨФ өлкө экономикасына 1 миллиард доллардан ашык инвестиция салды. Бул анын баштапкы уставдык капиталынан эки эсе көп. Фонддун колдоосу менен жалпы суммасы 175 миллион доллардан ашкан гидроэнергетика жана калыбына келүүчү энергия булактары боюнча 14 долбоор ишке ашууда", — деди Жапаров.