БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Россиянын Канттагы авиациялык базасы — Борбор Азиядагы коопсуздукту камсыздоодогу негизги фактор. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Россия президентинин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагындагы ЖМКларга жасаган билдирүүсүндө айтты.
"Кыргызстан менен Россия Канттагы аба базаны жалпысынан алганда Борбор Азияда туруктуулукту сактап туруудагы салмактуу фактор деп эсептейбиз", — деген Жапаров.
Эске салсак, эртең, 27-ноябрда, Кыргызстандын төрагалыгында ЖККУга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин саммити болот. Андан соң бул вазийпа Россияга өтөт.
ЖККУнун авиациялык базасы 2003-жылы 23-октябрда ачылган. Авиациялык бөлүк 20 жылдын ичинде КР Куралдуу күчтөрүнүн ишеничтүү өнөктөшүнө айланды. Кошумчалай кетсек, "Кант" авиабазасы Россиянын Абадагы кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн жана Аскердик-аба күчтөрүнүн Борбордук аскердик округунун 2-командачылыгынын курамына кирет.