Кыргызстан менен Россия биологиялык коркунучтарга каршы күрөшүү борборун ачат

Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия жакын арада Бишкекте биологиялык коркунучтарга каршы күрөшүү борборун ачат. Бул тууралуу Роспотребнадзордун башчысы Анна Попова билдирди.
Ал эпидемиологиялык коркунучтарга даяр туруу зарылдыгын белгилеген.
"Бул нерсе азыр талкууланып жатат, жакын арада биргелешип биологиялык коркунучтарга каршы күрөшө турган стационардык борбор ачабыз деп ишенем", — деди Попова.
Роспотребнадзордун жетекчиси Россия буга чейин 150 кыргызстандык адисти көчмө лабораторияда иштөөгө үйрөткөнүн кошумчалады.
Россия Кыргызстанга эки көчмө лаборатория тапшырды. Видео