БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Россия менен Кыргызстан биргеликте Ысык-Көлдө ири күн станцияларын, ал эми өлкөнүн түштүгүндө заманбап Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) курууну көздөп жатат. Бул тууралуу Владимир Путин ЖМКлар үчүн жасаган билдирүүсүндө айтты.
Ал ошондой эле атомдук электр станциясын (АЭС) куруу үчүн мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.
"Республикада алдыңкы россиялык технологияларды колдонуу менен биринчи АЭС куруу мүмкүнчүлүгү изилденүүдө. Кеп коопсуздуктун жана айлана-чөйрөнү коргоонун эң катаал талаптарына жооп берген кичи модулдук реактор технологиялары жөнүндө болуп жатат", — деди Путин.
Ал ошондой эле Россия аймакты электр энергиясы менен камсыздап гана тим болбостон, компаниялары кыргыз дарыяларындагы гидроэлектростанцияларды долбоорлоого жана модернизациялоого катышып жатканын кошумчалады.