27-ноябрга карата аба ырайы

27-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 13…18, Талас аймагында 12…17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 15…20, Ысык-Көл өрөөнүндө 6...11, Нарын жергесинде 4…9 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте 16…18, Ош шаарында 17…19 градуска чейин көтөрүлөт.
Кыргызстан менен Россия биологиялык коркунучтарга каршы күрөшүү борборун ачат