Жаңы “Медиация жөнүндө” мыйзам - талаштарды соттон тышкаркы жол менен чечүүгө багыттайт

Sputnik
Кыргызстанда жаңы “Медиация жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, талаш-тартыштарды сотко чейинки жана соттон тышкаркы жөнгө салуу тартиби толугу менен жаңыланды. Документ жарандык, үй-бүлөлүк, эмгек жана кылмыш-укуктук мамилелерден келип чыккан жаңжалдарга колдонулат жана өлкө боюнча медиаторлордун ишин жөнгө салган бирдиктүү эрежелерди белгилейт. Мыйзамга ылайык, медиация — бул тараптарды нейтралдуу ортомчу аркылуу элдештирүүгө багытталган ыктыярдуу жараян. Медиатор чечим кабыл албайт, тарапты коргобойт жана ошол эле иш боюнча сотто бир тараптын өкүлү боло албайт. Медиациянын негизги принциптери: ыктыярдуулук, тараптардын тең укуктуулугу, медиатордун нейтралдуулугу, купуялуулук экенин программанын мейманы Орозбек Сыдыков билдирди. 25 жаштан жогору, жогорку билими бар, 80 сааттан кем эмес базалык окутуудан өткөн, медиатордун күбөлүгүнө ээ, бирдиктүү мамлекеттик реестрде жана медиация борборунда катталган жаран медиатор боло алат. Мамлекеттик кызматкерлерге медиатор болууга тыюу салынат.