Кыргызстан менен Россиянын мамилеси ишенимге жана союздаштыкка негизделген. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен жолугушуусунда билдирди. Өлкө башчы Россия жетекчисинин Кыргызстанга келиши эки өлкөнүн мамилесинин бекемдигинен кабар берерин белгиледи. "Сиз биз үчүн ар дайым сыйлуу конок болуп келгенсиз жана кала бересиз. Кыргызстанга келишиңиз өз ара түшүнүшүүгө, жогорку ишенимге жана союздаштык байланыштарды, стратегиялык өнөктөштүктү биргелешип чыңдоого умтулууга негизделген Кыргызстан менен Россия мамилелеринин бекемдигин айкын көрсөтүп турат. Ондогон жылдар бою биздин элдер биримдикте жашап келген. Ал эми Улуу Ата Мекендик согуш жылдары тагдырлаш экенибизди дааналап, азыркы кызматташтыктын пайдубалын түптөгөн", — деди Жапаров. Ал Россия Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш, ишенимдүү дос экенин кошумчалады. Мындан тышкары динамикалуу геосаясий жана татаал экономикалык абалга карабастан Россия туруктуулукту сактап келе жатканын белгиледи.Ал эми Владимир Путин Россия менен Кыргызстандын мамилеси өз ара урмат-сыйга, улуттук кызыкчылыктардын сакталышына негизделгенин айтты. "Эки тараптуу кызматташтыктын орчундуу маселелери ар дайым биздин көзөмөлдө", — деди РФ лидери "Ынтымак ордодогу" жолугушууда. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода 2024-жылы рекорддук көрсөткүчкө жетип, 4,1 миллиард доллар болгонуна токтолду.Россия лидери Жапаров менен тыгыз байланышта болуп, эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин дайыма талкуулап тургандыктарына токтолду. Ал Россия Кыргызстан ЖККУга төрагалык кылган мезгилде жасаган иштерин жогору баалай турганын кошумчалаган.
Энергетика министрлиги жарандарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырган видеоролик менен бөлүштү. Министрлик өлкөдө жаңы завод-фабрикалар, көп кабаттуу үйлөр курулуп жаткан шартта электр энергиясына болгон талап күн сайын өсүп жатканын белгилейт. Дүйнө жүзүндө суунун азайышы, кургакчылык байкалууда, бул болсо энергетика тармагы үчүн чоң сыноо. "Андыктан ар бир жаранды электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырабыз. Ар бир өчүрүлгөн жарык, ар бир үнөмдөлгөн киловатт — өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна кошулган салым. Электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу — бул бүгүнкү күндүн талабы!", - деп айтылат маалыматта.Энергетиктер кардарларга электр энергиясын жеткирүүдө бардык күч- аракетин жумшап жатканы айтылды.
Европалык ЖМКлар жана саясатчылар Украинадагы жаңжалды жөнгө салууну үзгүлтүккө учуратуу аракетинде. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды. "Бул нерсе упай топтоо же өз позициясын элдин эсебинен бекемдөө үчүн жасалып жаткан жок. Мында, биринчиден, саясий-дипломатиялык жөнгө салууну үзгүлтүккө учуратып, манипуляция жасап, кырдаалды өз максаты үчүн пайдаланууну көздөшүүдө", — деди Захарова. Дипломаттын айтымында, азыр Вашингтондун демилгесинин айланасында маалыматтык ызы-чуу башталды. Бул — Батыштын ойдогусу ишке ашпай калганда жасай турган көндүм адаты. Захарова "тынчтык планы", "сүйлөшүү", "байланыштар" деген сөздөрдү укканда эле европалыктардын маанайы бузуларын белгилеген.