Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жаш окумуштууларды Кытайга илимий стажировкага жөнөтүүдө. “Ачык кеп” программасында Илим министрлигинин өкүлү жана Кытайга тажырыйба топтоого кетүү алдында турган жаш окумуштуу Айдарбек Стамов келип маек берди.Илимий стажировкага катышуучулар ачык сынактын негизинде тандалып, алар Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Кытайдын Илим жана технологиялар министрлигинин ортосунда макулдашылган илимдин приоритеттүү багыттары боюнча жөнөтүлүүдө. Бул багыттарга медицина, айыл чарба, геология, сейсмология, жашыл экономика, экология, биотехнология жана индустриализациялоо кирет. Сынактын жеңүүчүлөрү илимий даражасы бар же жок экенине карабастан, кесипкөйлүгү жана англис тилин эркин билүүсү аркылуу тандалып алынган. Талапкерлердин жаш курагы 45 жаштан ашпоого тийиш. Илимий стажировканын мөөнөтү — 3 айдан 12 айга чейин.